Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Активисттер казак бийлигин аза күтүү күнүн жарыялоого чакырды


Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык активист Асхат Дукенбаев билдирди. Бүгүн алар Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында чогулганы жатышат. Акциянын катышуучулары Жаңы-Өзөн шаарындагы башаламандыкта курман болгондорду эскерип, куран окуп, гүл коюшат. “Биз Нурсултан Назарбаевден мерт болгондорду эскерүүнү талап кылабыз. Адамды итке теңеп, кууп барып атып, жарадарларды таяк менен токмоктоонун өзүн гумандуулукка каршы кылмыш деп билем”,-деди Асхат Дукенбаев.

Казакстандын Башкы прокурорлугунун билдиришинче, Жаңы-Өзөндө коопсуздук күчтөрү менен демонстранттар арасында 16-декабрда болгон кагылышта өлгөндөрдүн саны 15ке жетти. Калабада 80дей адам жараат алып, 40тан ашуун имарат өрттөлгөн. Эртеси коңшулаш айылда болгон кагылышта 1 адам өлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG