Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Нигерияда чиркөөдө жардыруу болду


Өлкө борбору Абужанын чет жакасындагы чиркөөдөгү жардыруу дүйнө христиандары, атап айтканда католиктер менен протестанттар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап жаткан күнү, эртең менен болду. Бул тууралуу Нигериянын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Кабарларга караганда, жардыруудан кеминде он адам каза тапкан. Күбөлөрдүн айтымында, жарылуудан чиркөөнүн айланасындагы үйлөрдүн айнектери күбүлдү.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Адатта Нигерияда жардыруулар менен кол салууларды "Боко Харам" деген исламчыл топтун согушкерлери ишке ашырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG