Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Эскирген электр зымдары алмаштырылат


Келе жаткан жылдан тарта Бишкектеги эскилиги жеткен электр зымдары алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министри Аскарбек Шадиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жалпысынан борбор калаада жер астындагы 111 чакырым, жер үстүндөгү 232 чакырымдык электр зымдары жаңыланууга тийиш. Германиядан келген кредиттин жардамы менен шаардагы эски чубалгыларды бир нече жылдын ичинде алмаштыруу көздөлүүдө. Өткөн аптанын аягында аба ырайы кескин төмөндөп, электр энергиясына керектөө өскөндүктөн, Бишкектин бир катар райондору жарыксыз калган. Натыйжада шаар тургундары нааразылык билдиришип, айрымдары жол тосууга чейин барышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG