Хаккерлердин “Анонимдер” деген кыймылынын ырастоосунда, алар АКШнын “Стэтфор” аналитикалык борборунун кардарларына таандык кредит карталарынын номерлерин жана башка жеке маалыматтарын уурдап алышкан. Кардарлардын тизмесинде банк, полициядан баштап, АКШнын Аба күчтөрүнүн кызматкерлери бар. Бул маалымат тарагандан кийин “Стрэтфор” сервелерин, электрондук кат алышууну убактылуу токтотконун билдирди. Буга чейин ушул эле хаккерлер п Виза, Мастер кард жана башка компанияларына виртуалдык чабуул коюшканын айтып келишкен. “Стрэтфор” – саясий, аскерий жана стратегиялык маселелерге адистешкен.