Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:53

Жикчил Днестр бою жумуриятында экс-спикер президент болду


Молдовадан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялаган жумурияттын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Петр Денисенко Шевчук добуштардын дээрлик 74 пайызын алгандыгын билдирди. Шевчуктун атаандашы Анатолий Каминский 20 пайызга жетпеген добуш алды. Учурда парламентти жетектеген Каминскийди Орусия колдоп жаткан. Эл аралык коомчулук тааныбаган Днестр жумуриятында жарым миллионго жетпеген киши жашайт жана каржылык, саясий колдоодо Орусияга көз каранды. Москва алиге чейин Молдованын чыгыш чек арасы менен Украинанын ортосунда бир жарым миң аскерин кармап турат.

XS
SM
MD
LG