Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Араб Лигасынын тобу Сирияга барды


Араб Лигасынын байкоочулары Сириянын ордо шаары Дамаскиге барышты. 50 чакты байкоочу жана Лиганын 10 расмий өкүлүн камтыган топ кан төгүүлөр орун алган чөлкөмдөрдө мониторинг жүргүзмөкчү.

Топтун мүчөсү, Бириккен Араб эмираттарынын өкүлү Салем Элмекави Сирияга аттанардын алдында буларды айтты:

- Сирия өкмөтү протоколго кол койгондон кийин байкоочулардын коопсуздугун камсыздоо, көчөлөрдү, түрмөлөрдү тоскоолдуксуз кыдырууга, оппозиция менен кездешүүгө мүмкүнчлүк түзүү милдетин өзүнө алды. Кудай буюрса, Сирия элинин чыныгы абалын чагылдырабыз.

Ал тапта Хомс шаарында коопсуздук күчтөрүнүн аткылоосунан бери дегенде 23 киши набыт кеткени кабарланды. Сириянын Улуттук кеңеши деген оппозициялык уюм байкоочулар Хомско барышканы менен алар зомбулуктун очокторуна коё берилген жок деп билдирди.

Жергиликтүү активисттер байкоочулардын дароо Хомска барышын талап кылышкан. Сириядагы Адам укуктарын коргогон уюм Араб Лигасынын өкүлдөрүн “адам өлтүрүүлөрдү токтотууга” үндөдү. Байкоочуларды жиберүү келишимин өткөн жумада президент Башар Асаддын режими менен Араб Лигасы түзүшкөн.

БУУнун болжолунда, антиөкмөттүк чыгуулар башталган март айынан бери Сирияда 5 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG