Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Ош - Сарыташ - Эркештам унаа жолу түнкүсүн жабык


Оштун Алай районундагы Ош - Сарыташ - Эркештам унаа жолу кечки жетиден эртең мененки сегизге чейин убактылуу жабылып жатат. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиришинче, жол качан толук ачылаары азырынча белгисиз. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу, адамдардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында райондук жарандык коргоонун башчысы-акимдин 23-декабрдагы буйругунун негизинде Сарыташ, Нура айылдарына жол коопсуздук башкармалыгынын посттору коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG