Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Жогорку Сот: Аскаровду кыйноо болгон эмес


Июнь окуялары боюнча күнөөлүү аталып өмүр бою эркинен ажыраган Азимжан Аскаровго карата кыйноо фактылары катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Аскаровдун күнөөсүн далилдеген көрсөтмөлөр кыйноо жолу аркылуу алынганы тастыкталган жок.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары Нави Пилай Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 20-декабрдагы чечимине өкүнүчүн билдирген. Жогорку Сот адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров боюнча сот былтыр ноябрда чыгарган өкүмдү колдогон болчу. Төмөнкү инстанциядагы сот Азимжан Аскаровду былтыр жайдагы улут аралык чатакта милициянын офицерин өлтүрдү, массалык башаламандыкты уюштуруучулардын бири деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

21-декабрда Азимжан Аскаров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму аркылуу коомчулукка жолдогон катта сот чечимине ынанбаганын, былтыркы калабада набыт болгон 24 адамдын иши боюнча жаңы тергөө башталбса, 10-январдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаарын эскерткен. Бул жөнүндө адам укугун коргоочу Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG