Арап Лигасынын байкоочулары бүгүн Сириянын камоодогу Хомс шаарына келишип, провинциянын губернатору менен кездешти. Кечээ күнү шаарда аскерлер президент Башар Ассаддын режимине сегиз айдан бери каршы чыгып жаткан козголоңду басуу учурунда 34 адамдын канын төккөн. Арап Лигасынын байкоочулары Сирия өкмөтү өз убадасында туруп, тынчтык планын аткарып жатканын, анын ичинде шаарлардан танктарды чыгарып кеткенин такташат. Бүгүн оппозициянын билдиришинче, Хомста 20 миңдей адам демонстрацияга чыкты. Коңшулаш Халилдияда да нааразылык акциясы өтүп жатканы айтылат.
Хомстун тургандарынын айтымында, армия түнү бою шаарды аткылап, Арап Лигасынын байкоочулары келер алдында калаадан аскерий техниканы чыгарып кеткен.
Хомстун тургандарынын айтымында, армия түнү бою шаарды аткылап, Арап Лигасынын байкоочулары келер алдында калаадан аскерий техниканы чыгарып кеткен.