Иранда оппозициянын активисти Эбрахим Язды 8 жылга эркинен ажыратылды. 1979-жылкы Ислам революциясынан кийин ал кыска мөөнөт тышкы иштер министри болуп иштеген. Тыюу салынган “Эркиндик кыймылын” жетектеген 80 жаштагы Яздыга улуттук коопзсудукка коркунуч келтирген жана жалган маалымат таркаткан деген кине тагылган. Иранда оппозициялык саясатчыларга мындай айып тагуу кеңири тараган тажрыбага айланган.