Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Илим жана инновациялар боюнча фонд түзүлөт


Жогорку Кеңеш Билим жана илим министрлигине караштуу Илим жана инновациялар боюнча мамлекеттик фонд түзүү чечимин кабыл алды. Буга чейин депутаттардан турган топ атайын иликтөө жүргүзүп, илимий долбоорлорго жана изилдөөлөргө делген бюджеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланылып жаткандыгын аныктаган. Жогорку окуу жайлардын илимпоздору менен кеңешип атайын фонд түзүү сунушу айтылган. Бул фондго бюджеттик акчадан сырткары гранттык, насыялык каражаттар илимий ачылыштарды колдоо үчүн тартылмакчы. (RK)

XS
SM
MD
LG