Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Лейлекте абал тынчыды


Баткендин Лейлегинде чыккан чатак басылып, абал тынчыды. Бул тууралуу кабарчыбыз маалымдайт. Анын айтымында, 20-30дай адам айыл ортосунда жөн гана топтолуп турушат. Жергиликтүү бийлик мал союп, айыл аксакалдарын, жаштарды чогултуп, сый тамак уюштуруп, тилөө өткөрдү. Айылдагы абалды дагы эле милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.

Баткендин Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылында кечээ жаңжал чыккан. Кыргыз улутундагы 3 окуучу жолдон тажик улутундагы адамдар тарабынан сабалышкан. Бирөө ооруканага түшүп калып, милицияга кайрылган. Күнөөлүүлөрдү издөө башталганда айыл өкмөтүнүн алдына миңдей тажик, беш жүздөй кыргыз чогулган. Алардын ортосундагы уруштан жабыркап, ооруканага түшкөндөр болгон жок. Бирок 2 кичи дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 1 автоунаа талкаланып, 2 үй жарым-жартылай өрттөлгөнү кабарланууда. Сабалган окуучу 1995-жылкы бала экени, анын абалы өтө оор эместиги айтылууда. Андарак айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү тажик улутундагы жарандар.(JsA/RK)

XS
SM
MD
LG