Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Президент Атамбаев жарандык коомдун колдоосуна үмүттөнөт


Президент Алмазбек Атамбаев жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абал, июнь окуялары боюнча иликтөө иштеринин жүрүшү, сот реформасына байланышкан маселелер, бийлик менен жарандык коомдун өз ара байланышы талкууланып, келечекке болгон багыттар туурасында пикир алмашуу болду.

“Мен прессанын жана жарандык коомдун колдоосуна үмүттөнөм. Ар бирибиз болуп жаткан окуяларга болгон өзүбүздүн жоопкерчилигибизди так түшүнгөн абалга жетмейинче оң натыйжаларга жетиш кыйын болот”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга “Кылым Шамы”, “Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор”, “Таза табигат”, “Адилет” укуктук клиникасы, “Жарандар коррупцияга каршы”, “Балдарды коргоо борбору”, “Эл аралык толеранттуулук үчүн”, “Коомдук талдоо институту”, Аялдардын мыйзамдык демилгелери ассоциациясы, “Ачык позиция”, “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз талдоо борбору, “Интернет-саясат жарандык демилгеси”, «Жарандык билим берүү мектеби”, “Азия Полис”, “Жарандык коом жана демократия үчүн коалициясы”, “Журналисттер”, “Таза шайлоо” уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG