Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Ош: Борбордук аянтта 40 Аяз ата


Ош шаарында Жаңы жылдык кеченин көркүн ачуу үчүн 40 Аяз ата камданып, 20 балаты тигилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматова билдирди. Анын айтымында, Борбордук аянтта кечки саат 17:00дөн тарта шаардык жаштар комитети уюштурган бий кече башталат.

Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, былтыркыдай пиротехникалык заттарды колдонууга тыюу салынган жок. Жергиликтүү телеканалдар аркылуу шаар башчысы Мелис Мырзакматов куттуктоо сөзүн айтты. “Ош шаардык мэриясы, эң оболу Сулайман тоонун этегинде бир туугандай эриш-аркак жашаган кыргыз менен өзбек калкынын өз ара ынтымагын арттыруу боюнча каруусун казык, билегин токмок кылып иштеди” деди Мырзакматов.

Өткөн жылы июнь каргашасына байланыштуу Ош шаарында Жаңы жылды кафе-ресторандарда тосууга тыюу салынган. (JAk)

XS
SM
MD
LG