Саламатыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстан калкынын ден соолугуна кам көрүүгө багытталган улуттук программанын долбоору иштелип чыгууда. Долбоордун басымдуу бөлүгү даярдалып бүтүп, аны каржылоо маселеси азырынча чечиле элек. 2012-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилди камтыган “Ден соолук” программасы негизинен жүрөк, кан тамыр ооруларын айыктырууга жана кургак учук өңдүү социалдык илдеттерге каршы күрөшкө басым жасайт. Долбоор толук даярдалгандан кийин өкмөткө жана Жогорку Кеңешке сунушталмакчы. Буга чейин «Манас» (1996 -2005 жж.) жана «Манас таалими» (2006-2011 жж.) деген программалар ишке ашырылган болчу. (KKs)