Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Венесуэла АКШлык компанияга 908 миллион доллар айып төлөйт


Эл аралык арбитраждык сот Венесуэла өкмөтүн АКШлык Эксон Мобил компаниясына ушунча акча төлөп берүүгө милдеттендирди. Венесуэла өкмөтү мындай айыпка Эксон Мобилдин мүлк-каражатын улутташтырып алганы үчүн тартылууда. Эксон Мобил тийиштүү келишимдин негизинде Венесуэладагы Ориносо мунай кенин казып иштете баштаганда ал ишканаларды 2007-жылы Венесуэла өкмөтү улутташтырып тартып алган. Америкалык компания мурдараак жоготкон чыгымын 10 миллард долларга баалаган эле, ишти сотко жеткирбей бүтүрүүгө Венесуэла бийликтери 1 миллиард доллар сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG