Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Бектурганов: Ош аэропорту талапка жооп бербейт


Ош шаарынын аэропорту талапка жооп бербейт. Мындай оюн "Азаттыкка" "Кыргызстан" авиакомпаниясынын башчысы Жолдошбек Бектурганов билдирди. "Айрым адистер Оштун аэропорту талапка жооп бербейт деп айтышат, чынында эле ошондойбу?", - деген суроого ал: "Чындыгында ошондой. Биз муну бир канча жылдан бери айта берип тилибиз тешилди. Ош аба майданынын тилкесин оңдобосо болбойт", - деп жооп берди.

Мамлекеттик "Кыргызстан" авиакомпаниясынын Ту-134 үлгүсүндөгү учагы 28-декабарда Ош аба майданында кырсыкка кабылган. Учак конуп жатканда тилкеден чыгып кеткен. Жүргүнчүлөр арасында мерт кеткендер болгон эмес. Ага чейин да аталган компаниянын бир учагы Ошто кырсыктаган болчу. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG