Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Нарында жаңыланган тоо-лыжа базасы ачылат


Нарын шаарындагы тоо-лыжа базасы жаңыланып, колдонууга берилгени турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" журналист Дайыр Арунов билдирди. Анын айтымында, база 1991-жылы ачылган. Буга чейин бир да жолу толук ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес. Ачылыш салтанаты 15-январга пландаштырылууда. Лыжа, сноуборд тебем дегендерге шарт түзүлгөн, асма жол да бар. Чана тебем дегендерге тегеректеги айылдардан келген балдар чаналарын саатына 30-35 сомдон беришет. База Нарын облустук балдар жана уландар спорт мектебине карайт. (RK)

XS
SM
MD
LG