Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:51

Аманкулов: Былтыркы спорт жылы орточо болуп калды


Былтыр Кыргызстандын спорт жылы орточо болду. Мындай пикирин "Азаттыкка" Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, көптөн үмүттөндүргөн спортчулар ийгиликке жетпей калышты. Быйыл жайында өтө турган Лондон олимпиадасына да жолдомолор азырынча аз. Бирок ага чейин дагы бир нече мелдешке катышып, Лондонго жолдомо алуу үмүтү бар. Аманкуловдун пикиринде, мамлекет тарабынан спортко бөлүнгөн акча күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө гана жумшалып, тармакты каржылоо максаттуу жүрбөй жатат. (KM/RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG