Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Казакстан: Жаңы Өзөндө чукул кырдаал узартылды


Маңгыс Тоо облусунун Жаңы Өзөн шаарына киргизилген коменданттык саат 31-январга чейин узартылды. Тиешелүү буйрукка бүгүн президент Нурсултан Назарбаев кол койду.

Декабрдын ортосунда Жаңы Өзөн менен ага жакын Шетпе кыштагында массалык башаламандык болуп, анда өкмөттүн куралдуу күчтөрүнүн колунан 16 киши мерт, 100дөн ашууну жарадар болгон. Андан соң бул аймакта чукул кырдаал жарыяланган.

Массалык толкундоонун себептери ушул тапта иликтенүүдө. Казак бийлиги буга чейин билдиргендей, башаламандыкты уюштурган деген шек менен ондогон адамдар камакка алынды.

Ошондой эле элге ок чыгарган полиция кызматкерлерине каршы кылмыш иш козголгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG