Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:49

Май куюучу бекеттер текшерилип жатат


10-январга чейин Кыргызстандагы баардык май куюучу бекеттер өрт коопсуздугу боюнча текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин жетекчи орун басары Союзбек Акматов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 600дөн ашык май куюучу бекет бар. Чынында эле коопсуздук сакталбаган жерлер бар экени аныкталып жатат. Мурда алар бир жылда бир жолу текшерилчү. Бирок өкмөттүн ишкерлерге жардам берүү буйругунун негизинде өрт коопсуздугу боюнча текшерүүлөр эки жылда бир жүргүзүлүп турат. Өткөн айда кара май сакталган эки кампада ири өрт кырсыгы катталган. Акыркысы беш адамдын өмүрүн алып кетти. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG