Кытайдын Соода министрлиги 2011-жылы тышкы соода балансы 160 миллиард долларды түзгөнүн билдирди. Бул 2010-жылкы көрсөткүчтөн 23 миллиард долларга кем. Бирок Синхуа агенттигинин Соода министри Чэн Дэминге шилтеп кабарлашынча, 2011-жылы жалпы тышкы сооданын көлөмү 20 пайыздан көпкө өсүп, 3, 6 триллион долларга чыккан.