Мыйзамга ылайык, интернет-кафелер менен провайдер компаниялар бардык кардарлар кайсыл сайт, же интернет баракка киргенине байкоо жүргүзүшү керек. 35 интернет сайтты мамлекеттик мекемелерде ачып-пайдаланууга тыюу салынат. Алардын көбү порнографиялык жана экстремисттик мазмундагы сайттар деп айтылат. Бирок тыюу салынган сайттар тизмесине беларус оппозициячылары уюштурган чартер97.орг жана беларус партизаны сайттары да киргизилди.