Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Өкмөт ишкерлерди текшерүүнү чектейт


Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев бизнести текшерүүнү азайтуу боюнча өкмөт токтом даярдап жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, ишкерлерди текшерген органдардын саны кыйла азайды. "Мындан ары эки эле инспекция болот, бири техникалык көзөмөл жүргүзөт, экинчиси адамдардын коопсуздугу боюнча ветеринардык-санитардык инспекция”, - дейт Сариев.

Кыргыз өкмөтү 1-январдан тарта ишкерлердин салыгын текшерүүнүн тартибин өзгөрттү. Ага ылайык, салыкты убагында жана так төлөп келген ишкерлерди текшерүү беш жылда бир жүргүзүлөт жана плансыз текшерүүлөр тыйылат. Салыктан качкандарга жаза катаалдайт. Буга чейин Кыргызстандагы бизнес коомчулук текшерүүлөрдүн көптүгүнө даттанып келген болчу.

Ишкерлерге түзүлгөн шарт боюнча “Doing Business” рейтингинде Кыргызстан 2011-жылы 70-орунду алып, үч кадам артка кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG