Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

АКШ кемеси 14 ирандыкты каракчылардан куткарды


Иран бийликтери АКШнын аскерий кемеси ирандык 14 балыкчыны сомалилик деңиз каракчыларынын туткунунан куткаруусун “адамгерчиликтүү кадам” деп баалады. “Биз АКШ деңиз күчтөрүнүн ирандык балыкчыларды куткаруусун гуманитардык кадам жана оң күрүнүш деп билебиз. Мындай аракетти колдойбуз”, - деп билдирди Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпарасат өлкөнүн араб тилдүү “ал-Алам” радиосуна берген интервьюсунда.

АКШнын аскерий жетекчилиги 45 күн мурда уурдалган ирандык балыкчылар бейшемби күнү сомалилик каракчылардын колунан бошотулганын тастыктады.

XS
SM
MD
LG