Ооган өкмөтүнүн комиссиясы АКШ аскерлерин Кабылдын четиндеги Баграм түрмөсүндөгү адамдардын абалына жетерлик көңүл бурбайт деп күнөөлөдү. Комиссия төрагасы Гүл Рахман Казынын ишемби күнү Кабылда болгон пресс-конференцияда айтышынча, абак жайдын камераларында суук жана чырак жок, туткундардын кийими тигиштери калбай текшерилет экен. Береги комиссия абак жайды Ооган өкмөтүнө өткөрүп берүүгө да чакырды. Түрмө Баграм авиабазасынын ичинде жайгашкан. Бул АКШнын Ооган жериндеги эң чоң аскердик базасы.