Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Өзгөндө аз камсыз болгон бүлөлөргө арзан көмүр берилүүдө


Өзгөндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр арзан көмүр менен камсыз болушууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы жылдан тарта Өзгөн районунун жетекчилигинин демилгеси менен аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 300 тонна көмүр арзандатылган баада сатылды. Жергиликтүү Маркей кенинен алынган көмүрдүн бир тоннасы 2 200 сомдон сатылат. Арзандатылган көмүр аз камсыз үй-бүлө экендигин тастыктаган документтин негизинде сатылууда.

Базар баасы боюнча учурда Өзгөндө жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 5 миң сом болсо, Алай көмүрү 6 жарым миң сом.

Жаңы жыл алдында өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Ошко келген учурда көмүрдүн баасын арзандатуу чараларын көрүүнү жергиликтүү бийликке тапшырган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG