Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

АКШ Иранда өз жаранынын соттолушун айыптады


Алан Эйр - АКШ Мамлекеттик департаментинин перси тилинде сүйлөгөн басма сөз катчысы.
Алан Эйр - АКШ Мамлекеттик департаментинин перси тилинде сүйлөгөн басма сөз катчысы.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин расмий өкүлү Томми Витор Иран сотунун өкүмүн айыптап, Тегаранда өлүм жазасына кесилген Амир Мирзаи Хекмати Кошмо Штаттардын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) үчүн иштеген деген айыптоосун “жалган” деп атады. Ал эми Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Алан Эйр “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун перси кызматына буларды билдирди:

-Эгер чын болсо, биз сот чечимин кескин айыптайбыз. Хекмати ЦРУ үчүн иштеген же Иранга ЦРУ тарабынан жиберилген деген айып күлкүлүү. Иран режими адамдарга тыңчылык боюнча негизсиз айыптарды тагуунун, күч колдонуу менен көрсөтмөлөрдү алуунун, АКШнын күнөөсүз жарандарын саясий максатта камоонун узак тарыхына ээ.

Иран сотунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, теги ирандык америкалык жаран Амир Мирзаи Хекматиге өлүм жазасы АКШнын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн берилди.

Ирандын Башкы прокурору Голамхоссеин Мохсени Эжейинин "ИСНА" кабар агенттигине айтканына караганда, Амир Мирзаи Хекмати өлүм жазасына “АКШнын душманчыл өкмөтү менен кызматташканы жана ЦРУга тыңчылык кылганы үчүн” кесилди.

28 жаштагы Хекмати - АКШда төрөлгөн жана ирандык иммигранттардын уулу. Маалыматтарга караганда, ал АКШнын деңиз аскерлерине котормочу болуп иштеген.

Хекмати камакка алынганын Иран бийлиги декабрь айында жарыялаган. Ирандык расмий өкүлдөрдүн ырастоосунда, ал Ооганстандагы жана Ирактагы аскерий базаларда машыгуудан өткөн жана андан кийин Ирандын чалгын мекемелерине кирүү үчүн жөнөтүлгөн.

"ФАРС" агенттигинин кабарына караганда, Хекмати ЦРУ үчүн тыңчылык кылганын мамлекеттик сыналгыдан мойнуна алып, бирок Иранга зыян келтирүү ниети болбогонун белгиледи.

Хекматинин АКШдагы үй-бүлөсүнүн айтымында, 28 жаштагы жигит тарыхый мекенине чоң энесин көрүүгө барган.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын вице-президенти Абдул Карим Лахижи “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун перси кызматына Тегерандан келген жаңылыкты төмөнкүчө комментарийледи:

-Хекматиге каршы айыптоолор бир эле нерсени көргөзүп турат - бул иштин саясий жүйөөсү бар. Акыркы он жылда мындай учурлар көп болгон. Ушундай жүйөө менен айыпталган адамдар (Иран режими тарабынан) буга чейин соттолушкан.

АКШнын теги ирандык жаранынын өлүм жазасына кесилиши Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын тиреши күчөгөн учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG