Москвада 9-январда италиялык ресторанда тутанган өрттөн Толгонай Сатыбалдиева аттуу 24 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. Анын айтымында, азыр дагы жети кыргыз жараны ооруканада дарыланып жатат.
Маалыматка караганда, жабыркаган кыргызстандыктар аталган ресторанда иштешчү. Өрт чыккан ресторанга былтыр өрт коопсуздугу боюнча 11 жолу эскертүү берилген. (EBM)
Маалыматка караганда, жабыркаган кыргызстандыктар аталган ресторанда иштешчү. Өрт чыккан ресторанга былтыр өрт коопсуздугу боюнча 11 жолу эскертүү берилген. (EBM)