Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) статс-катчысы Азамат Дүйшөнбаевдин камакка алынышын аталган мекеме "кресло талаш", бизнес-структуралардын кызыкчылыгын колдоо деп атап, бул чектен чыккан аракет болгонун билдирүүдө.
Дүйшөнбаев мыйзам бузбаганы, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп келгени, аны камакка алуу өтө эле катуу чара болгону айтылат.
Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Азамат Дүйшөнбаев Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын 10-январда "Азаттыкка" Каржы полициясынан кабарлашкан. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин заказы боюнча дипломдорду даярдоо укугун алуучу ишкананы тандоодо мыйзам бузган деп шектелүүдө. Тендердик комиссиянын жетекчиси катары ал сатып алуулар бөлүмүнүн чечимин эске албай, 8,5 миллион сомго кымбат келген ишкананы тандап алганы айтылган. (RK)