Бул жөнүндө өлкөнүн отун энергетика министри Юрий Бойко билдирди. Анын айтышынча, 2012-жылы Украина былтыркы 54 миллиард куб метрдин ордуна 27 миллиард куб метр газ керектейт. Бул Украина Орусиядан 16-17 миллиард куб метр гана газ сатып алат дегенди билдирет. Мурда 33 миллиард газга кол коюлган эле. Бойко Москванын реакциясы жөнүндөгү суроого: “Эгер биздин орусиялык өнөктөшүбүздө суроолору болсо, анысын цивилизациялык жол менен чечүүгө тийиш”,-деп жооп берди. "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер аны Бойконун сөзү “тынчсыздантканын” билдирди. Бул маселе Миллер менен президент Медведевдин шаршемби күнкү кездешүүсүндө талкууланды.