Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Дубайдагы кыргыз кызынын ооруканага карызы 50 миң доллардан ашты


Бир жылдан ашуун мезгилден бери Дубайдын (Бириккен Араб Эмираттары) ооруканаларынын биринде эки жолу операция болуп, дарыланып жаткан кыргызстандык Айсалкын Ажиеванын ооруканага карызы 50 миң доллардан ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын маалымат кызматы кабарлайт. Акыйкатчынын расмий өкүлү жакында эле Дубайга барып, Ажиевага социалдык камсыздандыруу каражатын бөлүп берүү боюнча сот ишине катышып келди.

Ажиева Дубайда жол кырсыгына кабылып, али күнчө сакая албай келет. Бир жарым жылдан бери Кыргызстандын Дубайдагы консулдугу андан кабар албаганын туугандары айтышууда. "Азаттык" Кыргызстандын Дубайдагы консулдугу менен байланышууга аракеттенүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG