Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Коомчулук парламенттин жыйынына катыша алат


Жаңы регламент боюнча, коомчулук парламенттин ишине катыша алат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Курмантай Абдиев билдирди.

"Келип катышып, депутаттар эмне жумуш кылып жатканын өзүлөрү көрүп, угуп, ынанышса болот", - деди депутат.

Бүгүн "Азаттыктын" таңкы талкуусунда парламенттин иши, депутаттардын бирине бири добуш берүүсү, көпчүлүгү жыйынга катышпаганы тууралуу сөз болгон. Айрым угармандар балким мындай парламенттин кереги деле жоктур деген оюн айтышкан.

Парламенттин ишин катардагы жарандар тарабынан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө каралган. Мисалы, Германиянын Бундестагынын жалпы жайыны өтүп жатканда атайын бөлүнгөн орундарга жайгашып жарандар да, туристтер да катыша алышат. Албетте, депутаттардын ишине тоскоолдук болбошу үчүн бир катар талаптар бар. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG