Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Бишкек: АКШ элчилигинин алдында пикет өтөт


Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет өтөт. Анын уюштуруучусу, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиришинче, "учурда эл аралык деңгээлде талкууланып жаткан америкалык аскерлердин Ооганстандагы ыплас иши - бул вандалчылыктын жеткен чеги".

Пикеттин катышуучулары АКШ президенти Барак Обаманын жана Пентагондун кечирим сурашын талап кылышат.

11-январда АКШнын Коргоо министрлиги видеотасмада көрсөтүлгөн окуя америкалык аскерлердин баалуулуктарына ылайык келбесин жана деңиз аскерлерине мүнөздүү эмес көрүнүш экенин белгилеп, андай пастыкты жектеди. Ошондой эле видеоматериалды ким тартканы, анын чын экени такталып жатканын билдирди.

Америкалык аскерлердин формасындагы англис тилинде америкалыктардын акценти менен сүйлөгөн төрт адамдын үч талип согушчандын жасатына заара кылып турганы тартылган бир нече сайтка жарыяланган видеотасма боюнча тергөө жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG