Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

ВИЧ жана кургак учук жөнүндө сүрөт көргөзмө өтөт


Бишкектеги Улуттук көркөм сүрөт музейинде ВИЧке жана кургак учук оорусуна кабылган кыргызстандыктар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чагылдырган фотосүрөт көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн АКШнын USAID агенттиги каржылаган "ВИЧ жана кургак учук боюнча диалог" долбоорунан кабарлашты. Көргөзмө "Бизге диалог керек" деп аталат. Ага оорулуулардын жарандык коомдун, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана дарыгерлер менен күнүмдүк мамилелерин баяндаган, жашоо шарттарын көрсөткөн сүрөттөр коюлат. Көргөзмө 17-январда ачылат. Кыргызстанда ВИЧке кабылгандардын жалпы саны 4 миңге чамалап калды.(RK)

XS
SM
MD
LG