Кечээ кечинде Түркиянын Стамбул шаарында “Евразия жылдызы” эл аралык музыкалык сынагынын финалы өтүп, жыйынтыгында Кыргызстандын атынан сынакка катышкан ырчы Гүлжигит Калыков баш байгени утту. Сынакка түрк тилдүү алты мамлекет: Азербейжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Түркмөнстан жана Түркиянын таланттары ат салышты. Сынактын жыйынтыгы телекөрүүчүлөрдүн смс аркылуу добуш берүүсү менен чыгарылды. Гүлжигит Калыков Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” аттуу чыгармасын аткарып, жеңүүчү деп табылды. (JAk)