Казакстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Төмөнкү палата, же Мажлистеги орундар үчүн 7 партия ат салышууда. Президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отанына” атаандаш чыккан 6 партиянын кеминде бирөө 7 проценттик чектен өтө албаса да, мандаттарга ээ болот. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү түзөтүү жыл этегинде Жаңы-Өзөн шаарында болгон кандуу окуялардан кийин киргизилген.
Ошентип, салтка айланган бир партиялуу системага чекит коюлат деп болжолдонууда.
Назарбаев добуш берип жатып, бүгүнкү шайлоону өлкө үчүн “чоң сынак” деп атады. Жаңы-Өзөндө добуш берүү тынч өтүп жатканы кабарланууда. Айрым жерлерде мыйзам бузуулар орун алганы тууралуу кабарлар түшүүдө.