Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Иран коңшуларын мунай экспортун көбөйтпөөгө үндөдү


Иран эгерде Батыш өлкөнүн мунай тармагына каршы санкция киргизе турган болсо, Перси булуңундагы коңшуларын мунай экспортун көбөйтпөөгө үндөдү. Катардык гезитке берген интервьюсунда Ирандын ОПЕКтеги өкүлү Мохаммад Али Хатиби Тегеран мунай экспортун арттырууну “достукка жатпаган кадам” катары бааларын эскертти. Европа Биримдиги жазалоочу чаралардын алкагында Ирандан мунай сатып албоо тууралуу алдын ала макулдашты.

АКШ баштаган Батыш мамлекеттери Тегеран тымызын түрдө атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп ырастоодо. Ислам жумуриятынын жетекчилиги муну чекте кагууда. Региондогу ири мунай өндүрүүчү - Сауд Арабия кардарлардын кара майга болгон талаптарын аткарууга даярдыгын буга чейин билдирген.

XS
SM
MD
LG