Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Казакстан: Мажилиске 3 партия кирет


Казакстан: тобу менен добуш салуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Алматы облусундагы Жаңы-Турмуш шаарчасындагы добушканада бир эле адам шайлоо үкөгүнө тобу менен бюллеттень салып жаткан учурга күбө болду.15-январь, 2012.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы боюнча президенттин «Нур Отан», бийликчил «Акжол», Казакстандын Коммунисттик элдик партиялары парламентке өттү. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандагы шайлоо демократиялык принциптерге туура келбейт деген баасын берди.


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын-ала маалыматы боюнча "Нур Отан" - 80,74%, "Акжол" - 7,46%, Казакстандын Коммунисттик элдик партиясы - 7,2%, "Азат" - 1,59%, "Ауыл" - 1,46%, Патриоттор партиясы - 0,89%, "Адилет" - 0,66% добуш алганы белгилүү болду.

15-январда Казакстандын Мажилиси менен жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоо ЕККУнун демократиялык принциптерине туура келбестигин бул уюмдун парламенттер аралык ассамблеясынын төрагасы Жоао Соареш дүйшөмбү күнкү маалымат жыйында билдирди.

Шайлоо былтыр декабрда тополоң чыккан Жаңы-Өзөн шаарында да, комменданттык саатка карабай өткөрүлдү. Оппозиция жана айрым жергиликтүү байкоочулар мыйзам бузуулар орун алганын ырасташууда. Кечки саат 7ге карай добуш бергендердин саны 70 проценттен ашты.

Шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайык, эми парламент бери дегенде эки партиялуу болуп калмакчы.

Президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отанына” атаандаш чыккан 6 партиянын кеминде бирөө 7 проценттик чектен өтө албаса да, мандаттарга ээ болот. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү түзөтүү жыл этегинде Жаңы-Өзөн шаарында болгон кандуу окуялардан кийин киргизилген.

Ат салышка 7 партия катышты. Жогоруда айтылган “Нур Отандан” тышкары – президентчил “Ак Жол” жана “Ауыл”, “Адилет” партиялары, Патриоттор жана коммунисттер партиялары, ошондой эле оппозициядагы “Азат” жалпы улуттук социал-демократтар партиясы.

Добуш берип жатып президент Нурсултан Назарбаев бул шайлоо өлкө үчүн чоң сынак болуп калаарын айтты

- Адаттагыдай эле, Казакстан эли стабилдүүлүк, тынчтык, демек, бардык казакстандыктардын бакубат турмушу үчүн добуш берет деп ишенем. Шайлоонун ачык-айкын, калыс өтүшү үчүн бар аракетибизди жумшадык. Бул – биз үчүн чоң сынак.

Сынчылар болсо бул шайлоо өлкөнүн парламенттик системасына олуттуу өзгөрүү алып келбейт дешет. Марага экинчи болуп “Нур Отандын” мурдагы мүчөсү жетектеген президентчил “Ак Жол” партиясы келээри болжолдонууда.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар катталганы тууралуу кабарлар түшүүдө. Мисалы, “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы тарткан тасмада Алматынын четиндеги добушканалардын биринде шайлоо участкасынын мүчөсү бюллетендерди чогуусу менен салууга аракеттенип жатканын көрсө болот. Кабарчынын суроосуна ал шайлоочунун атынан бюллетень салып жатканын айткан. Жергиликтүү бир жашоочу болсо 9 баласы үчүн добуш бергенин жашырган жок.

Оппозициядагы “Азат” партиясы ырастагандай, бир шайлоочуга “Нур Отанга” добуш бергендиги үчүн 2 миң тенге убада кылышкан. “Нур Отандын” өкүлү муну партияны жаманатты кылууга багытталган провокация деп атады.

Шайлоого байкоо салган жергиликтүү көз карандысыз уюм да борбор шаар Астанада бир топ эреже бузуулар орун алганын айтып чыкты. Алар кээ бир байкоочулардын добушканаларга коё берилбегенин, бюллетендер салынган кутучалардын жакшылап бекитилбегенин мисал катары келтиришүүдө.

Добуш берүү декабрда кандуу окуялардын очогуна айланган Жаңы-Өзөн шаарында да өттү. 16-декабарда ишсиз калган мунайчылар менен тартип коргоочулар кагылыша кетип, расмий маалыматтарга караганда, 16 киши мерт кеткен. Ошол эле күнү Жаңы-Өзөндө чукул кырдаал киргизилген.

Эртеси ошол эле Маңгыустау облусунун Шетпе станциясында мунайчыларга тилектиштигин билдирүү иретинде эл чогулуп, тополоңдо полициянын огунан 1 жигит мерт кеткен.

11-январда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейинки токтомун жокко чыгарып, чукул кырдаалга карабай, Жаңы-Өзөндө шайлоо өтсүн деп чечкен.

Жергиликтүү жашоочулардын бири “Азаттыкка” маалымдагандай, шаардын көчөлөрүн жана шайлоо участкаларын ОМОНдун куралданган аскерлери күзөтүп жатышат.

Ал эми Жаңы-Өзөндөгү шайлоого байкоочулук кылган америкалык саясий аналитик Маргарита Асенова бир нече добушканаларды кыдырып чыкканын, абал тынч экенин айтат:

- Полиция ушунчалык эле көп деп айта албайм. Участкаларда полициячылар, полиция өкүлдөрү көрүнбөйт. Эл келип, кадимкидей эле добуш берип жатышат. Бирок президенттик шайлоо учурундагыдай шайлоочулар анча көп эмес. Балким, Казакстандын калган шаарларында башкачадыр, бирок бул жерде өзгөчө абал түзүлгөн.

Шайлоонун жүрүшүнө 89 өлкөдөн жана 8 эл аралык уюмдан келген 819 байкоочу көз салды. Казакстан аймагындагы шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де жабылды.


Казакстандагы шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

XS
SM
MD
LG