Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Бусурманкулов: №1 абактагы окуяда өлгөндөр жок

№1 тергөө абагындагы тополоңдо өлгөңдөр жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкулов билдирди.

Анын айтымында, абактагылардын арасында ар кандай жараат алгандар бар, абактын 4 кызматкери да жарат алышты.

Бусурманкулов ошондой эле ушу тапта башка бир катар абактарда ачкачылык акциясы башталып жатканын айтты.

Бүгүн эртең менен Бишкектеги №1 тергөө абагында тополоң башталып, абактагы 7 адам набыт болгону айтылган. (BkA/RK)
XS
SM
MD
LG