Ош шаарында жолдордогу тайгакты эритүү үчүн туз себүүчү бир дагы атайын унаа жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-мэр Рустам Мирзаматов билдирди. Анын айтымында, кар калың, жолдор тайгалак болгон учурда жүк ташуучу 7 автоунаа менен 40ка жакын киши тузду жолдорго кол менен сээп чыгышат.
“Натыйжада, иштер ыкчам жүрбөй, музду эритүү кечеңдейт. Шаардык бийлик бул маселени чечүүнүн аракеттерин көрүп жатабыз, мүмкүнчүлүк болуп калса, жок дегенде бир атайын унаа сатып алабыз”,- дейт Мирзаматов.
Жолдорго туз себүүчү унаанын баасы 70 миң доллардын тегерегинде.
Ош шаарында муз эритүүгө 180 тонна туз даярдалган. Азыр анын 100 тоннадан ашууну колдонулду. (SE/RK)