Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

ӨКМ: Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу тазаланды

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 81-чакырымы (Көл-Кол чеги) кар көчкүдөн толук тазаланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Көлөмү 720м³ кар көчкү кечээ эртең менен түшүп, жол жабылган. Ошол эле күнү түшкө маал жол толук тазаланды.

Райондук жарандык коргоонун башчысы - акимдин №01/21 буйругунун негизинде былтыркы декабрдын 22синен бери аталган унаа жол саат 13:00дөн саат 05:00гө чейин жабык болууда.(RK)
XS
SM
MD
LG