Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Жалал-Абад: Сот чечими аткарылбаганына нааразылар пикетте


Бүгүн Жалал-Абад шаар мэриясынын алдында 20дай киши чогулган пикет өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар "Возрождение" кыргыз-орус ишканасы боюнча чыккан сот чечими аткарылбай жатканына нааразы болушууда. Балдардын кийимин тиккен ишкана Бакиевдерге тиешеси бар деген жүйө менен апрел окуяларынан кийин убактылуу өкмөттүн декрети боюнча улутташтырылган. Ошондон бери ишканада эмгектенген 150 адам жумушсуз олтурушат. Былтыр Бишкек шаардык соту убактылуу өкмөттүн чечими мыйзамсыз деген бүтүмгө келген. Ишкананын ээси орусиялык инвесторлор. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG