Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Днестр жумурияты Молдова менен экономикалык алакасын жакшыртат


Молдовадан бөлүнүп кеткен Днестр аймагынын жаңы жетекчиси Молдовадан келген товарларга 100 пайыздык бажы салыгын алып салгандыгын билдирди. Президент Евгений Шевчук өткөн айдагы шайлоодо Молдова менен алаканы нормалдаштыруу убадасы менен жеңип алган. Шевчуктун кеңсеси билдиргендей, 2006-жылы киргизилген бажы салыгы дароо алынып салынат. Украина менен чек аралаш Днестр жумуриятынын жарым миллион калкы бар. Жикчил жумурияттын өз алдынчалыгы эл аралык коомчулукта таанылган эмес.

XS
SM
MD
LG