Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Ооганстанда эки чабуулда 13 киши набыт болду


Бийликтердин кабарлашынча, өлкөнүн түштүгүндөгү кош чабуулда 13 киши, анын ичинде жергиликтүү чалгын кызматкери каза тапты. Гелманд дубанынын акимининин маалымат катчысы Дауд Ахмади Каяки ооданында мотоцикл минген жанкечти полициянын унаасына барып урунганда жети тартип коргоочу, эки карапайым киши набыт болгонун билдирди. Ал эми Гелманддын Над Али дубанында мина жарылганда жергиликтүү чалгын кызматкери, анын эки жан сакчысы жана эки карапайым тургун мерт кетти. Экинчи чабуул үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. Анын аралыгында, Ооганстандын мартабалуу өкүлү апта башындагы түнкү рейддин мезгилинде НАТОнун күчтөрү беш карапайым ооганды, анын ичинде бир аялды эки баласы менен атып салганын билдирди.

XS
SM
MD
LG