Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Кара-Сууда хизбутчу деп шектелгендер кармалды


Оштун Кара-Суу районунда «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна мүчө деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 18-январ күнү облустук милиция менен Кара-Суу райондук милициясы биргеликте “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген жарандардын үйлөрүн тинтишкен. Натыйжасында, 12 кишинин үйүнөн “Хизб-Ут-Тахрир” уюмуна үгүттөгөн 374 даана DVD диск, 72 даана китеп, 138 даана журнал, 16 даана видеокассета, 10 даана аудиокассета, 150 даана баракча, 1 даана электрондук китеп табылган. Бул боюнча тергөө амалдары башталды. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG