Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Ат-Башыда арык жабылып, үйлөрдү суу каптады


Нарындын Ат-Башы айылында арык бүтөлүп, үйлөрдү суу каптап кеткенине байланыштуу териштирүү башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

19-январда жарым түндө Ат-Башыны аралап өткөн Кара-Сууда абанын кескин муздашынан жана ачык турган суу бөлүштүргүч белгисиз себептерден улам жабылып калгандыктан суу тоңуп, андан ашып деңгээли көтөрүлгөн суу Аман Иманбердиев көчөсүндөгү 13 турак жайды жертөлөлөрү жана сарайлары менен кошо каптап кеткен. Ошол эле көчөдө жашаган Шакен Омокеев суу өткөөлдөрүн малдын кыгы менен бүтөп салганы айтылууда. Натыйжада Иманбердиев көчөсүнүн тургуну Жумабек Осмоналиевдин короосуна кирген суунун тоңуп калышы менен 4 кой, 1 эшек жана 2 козусу сууктан өлүп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG