Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

"Кодак" финансылык кыйынчылыкка кептелди


Eastman Kodak Co деген америкалык белгилүү компания банкроттукка туш болушу мүмкүн. 131 жыл илгери негизделген компания биринчи болуп фотосүрөттөрдү кеңири жайылта баштаган. Эми болсо фототасмалары менен таанылган “Кодакка” дигиталдык технологиялар жана чет өлкөлүк фирмалар менен атаандашууга туура келүүдө. Компания 2003-жылдан бери 47 миң жумушчуну кыскартууга жана 13 заводун жабууга аргасыз болду. Бүгүнкү билдирүүсүндө “Кодактын” жетекчилиги 18 айга 950 миллион доллар кредит алынганын айтышты.

XS
SM
MD
LG