Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Москвада антифашисттик жүрүшкө жүздөгөн киши катышты


Фашизмге каршы жүрүштүн катышуучулары 2009-жылы Москвада чак түштө атып өлтүрүлгөн укук коргоочу адвокат Станислав Маркелов менен журналист Анастасия Бабуроваларды эскеришти. Демонстрациянын уюштуруучусу Дмитрий Городов Бабурова өкмөттөгү коррупция менен күрөшүп келгенин эскертти:

Анастасия журналист болгон, "Автономдуу аракет" деген кыймылдын мүчөсү эле, өйдө жактагылардын бардык калптарын, акмакчылыгын ашкерелеген макалаларды жазган. Бизге аны эч ким кайра тирилтип бере албайт. Биз мындайдын кайра кайталанышына жол бербешибиз керек.

Бабурова менен Маркеловдун өлүмү үчүн былтыр эки ашынган улутчул Никита Тихонов менен Евгения Хасис күнөөлүү деп табылган. Маркелов менен Бабурованын өлүмү активисттер менен журналисттерди бутага алгандарды жазалоо үчүн бийликтер жетиштүү аракет көрбөгөндүгү тууралуу катуу нааразылыкка түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG