Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Ош: Абактагы ачкачылык уланууда


Ош шаарындагы №25 түрмөдө жана №5 тергөө абагында ачкачылык уланууда. Камалгандардын жалпы саны 403 адам. Алардын 12си аял, жетөө жашы жете электер. Ачкачылыкты үч жүздөн ашууну жарыялаган. Арасында аялдар да, өспүрүмдөр да бар. Бүгүн аталган абакка акыйкатчы Турсунбек Акун барып, ачкачылыкты токтотууга чакырды. Бирок алар талаптары аткарылмайынча тамак ичүүдөн баш тарта берээрин айтышты. 16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында чыккан тополоңдон кийин Кыргызстандын дээрлик баардык абактарында ачкачылык башталган. Талабы - №1 абактагы кээ бир камераларды жаппай, ачык калтыруу экенин Жаза аткаруу кызматы билдирүүдө. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG